Биз менен байланышыңыз

АКШ COVID-19га каршы Pfizer таблеткасын жактырды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 535 | 0

АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) коронавируска каршы Pfizer таблеткасын шашылыш түрдө колдонууга уруксат бергенин жарыялады. Бул тууралуу «РИА Новости» билдирди.

Дары Paxlovid деп аталат. Ал рецепт боюнча гана берилет. Дарыны коронавирус аныкталгандан, тагыраагы, вирустун биринчи белгилери пайда болгондон кийин беш күндүн ичинде колдонуу көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Paxlovid жеңил жана орточо деңгээлдеги коронавирустук ооруну дарылоо үчүн чоңдордо жана 12 жаштан жогоркуларга арналган.

Дарынын терс таасирлерине даамдын бузулушу, диарея, жогорку кан басымы жана булчуңдардын оорушу кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM