Биз менен байланышыңыз

COVID-19. Кыргызстанда бир суткада 9 миң 617 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 320 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 617 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 4 миң 866 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 751 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 200 миң 962 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 988 миң 457 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM