Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10,4 млрд куб метрди түздү

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 329 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 414 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 171 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 467 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM