Биз менен байланышыңыз

«Биздин парламентте ырчы-чоорчусу, хайп кармаганы аралашып калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2021 | 820 | 0

Парламентке саясатчылар келиши керек, бизде болсо баары аралашып калды. Мындай пикирин бир мандаттуу Биринчи Май округунан талапкер болгон Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жаңы парламенттин сапатына алып барган ишине жараша баа берилиши керектигин белгиледи. Айтымында, жарым жыл, ашып кетсе бир жылга жетпей алардын позициясы, кандай адамдар келгени ачык болуп калат.

«Бирок азыр алдын ала айтсак, бир мандаттуу округдан да бир топ ууру-кескилер келгени анык болуп калды. Мисалы, ошол эле Баткенде Ражабалиев деген кечээки бажыда иштеген, коррупция менен кылмыш иши козголгон, өзүн «коррупционермин» деп мойнуна алган адам кандайдыр бир жолдор менен жеңишке жетип келе жатат. Кечээки VI чакырылыштагы Кыргызстанды эл аралык аренада шылдыңга калтырып, эл ичинде да шылдыңга кабылып, ар кандай сөздөр менен аталып калгандар келе жатат. Акаевдин, Бакиевдин убагында депутат болгондор келе жатат, алардын балдары келе жатат. Андан тышкары партиялык тизме менен интернетте хайп кармап, хайптын арты менен аты чыккандар келе жатат. Парламентке саясатчылар келиши керек. Бизде болсо, баары аралашып калды, ырчы-чоорчусу деле, интернетте отуруп хайп кармаганы деле, чала бизнесмени деле келип атат», — дейт ал.

Аны менен бирге Аскарбеков баарын жаман деп айтуудан алыс экенин, парламентте орчундуу маселе көтөрүлгөндө кимдин ким экени билинип каларын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM