Учурунда жылдызы жанып, бир топ хит ырларды жаратып, кийин сахнадан алыстаса да, ар тармактан өзүн сынап, эли-жерине ак эмгегин арнап келе жаткан чыгармачыл инсан, «Алтын доор» коомдук бирикмесинин жетекчиси Мухтар Атаналиев «Мен жана мезгил» программасында конокто болуп, маек куруп берди.
— Мухтар мырза, убагында элге ырчы катары таанылдыңыз эле. Бирок кийин андан алыстап кеттиңиз. Бир-эки маегиңизде «мендейлер ырдабай эле койсун» дептирсиз. Ыр дүйнөдөн алыстап кетүүңүзгө эмне себеп болду?
— Азыр өзүм үчүн баарын эстегим келди. Албетте, бул — биринчиден, тагдыр. 5-класста комуз үйрөнгөм. Анан 7-класста экенимде гитара чыкты. Ал кезде «бой» деп аталган бир стиль бар болчу. Менде да кызыгуу болуп, гитараны үйрөнүп, комузум экинчи планда калды. 9-класста аккордеон үйрөнүп, гитараны да унуттум. Анан чоңойгондо: «Баары бир музыка тармагында иштебейм, тандоом башка», — деп ойлондум. Ошол кездеги талантымды өздөштүрүп кетүүгө көп көңүл бурган эмесмин. Окууда математика, физика, химия, адабиятка басым жасачумун. Армияга бардым. Ал жакта гитара чертип, музыка дүйнөсү мени алдыга сүйрөдү. Командирлерге чейин мага болгон сый-урмат бар болчу. Анткен менен музыкага берилип кетүү, аны улантуу менин негизги максатым эмес эле. «Ал жөн гана мени коштоп жүрөт», — деп ойлочумун. Политехникалык институтка тапшырып, саясий технолог адистигинде окудум. Окуу жайда деле уюштуруу иштери менин колумда болду. Политехтин балдары искусство институтуна барып концерт койчубуз (күлүп). Окуу жайды бүткөн соң, Кара-Балта шаарынын жер комитетинде, курулуш тармагында иштеп жүрдүм.
Бир жолу шаарга келип, институтта чогуу окуган Мыктыбек Арстанбекке жолугуп калдым. Ал ошол кезде теледе иштечү. Бир күнү «Баягы студент кезде ырдап жүргөн ырларыңдан жаздырбайсыңбы?» — деп калды. Мен макул болуп, студиядан жаздырдым. Кечинде жумуштан келип, сыналгыдан ырдап жаткан өзүмдү көрүп, жагып калдым (күлүп). Анан Мыктыбекке айттым: «Балээнин баарын баштагандан кийин эми аягына чыгар. Ырдаганым баарына жагыптыр. Мен ырчы болом», — дедим. Мыктыбек макул болуп, «Атаман», «Жаш сулуу», дагы бир ырды жаздырып, экөөлөп аларга клип тарттырдык. Алты айдын ичинде спорт сарайына, филармонияга жеке концертимди бердим. Көп ырчылар менен иштешип, гастролдоп жүрдүм. Эми мына ушундай ийгилик жанып турганда эмне себептен бул тармактан алыстадым? Себептери абдан көп. Анын эң негизгиси, өзүмдү толук кандуу ушул тармактын адамы катары көрө алган жокмун.
Бала чагымда: «Чоңойгондо ким болосуң?» — деп сурагандарга, «Чоңойгондо аксакал болом. Суунун жээги, көк чөп, балдар олтурат. Аларга мен улуу нерселер жөнүндө айтып берем», — дечү элем. Азыр ошол күн келди. Лагерь ачып, балдарды тарбиялап жатабыз. Кино тармагында 10 жылдан ашык убакыт жүрдүм. Бардык тармактан топтолгон турмуштук чоң тажрыйба мага азыркы күндө жаш балдар менен иш алып баруума, аларга мамлекеттин эртеңин, идеологиясын, улуттун салт-санаасын, улуу-кичүү мамилелерин түшүндүрүп, маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат.
— Лагерь деп калбадыңызбы, анын максаты кандай? Балдар ал жактан эмнелерди үйрөнө алышат?
— «Тоодо, лагерде Мухтар балдарга эмнени эле айткысы келет?» — деген суроо туулбай койбойт (күлүп). Биз балдарды мекенчил болууга, чет жерге чыгып кетпей, өлкөгө салым кошууга үндөп келебиз. Баары чет жакка барган соң, ошол жакты жакшы деп макташат. А эмне, Кыргызстан жаманбы?! Көрсө, биз балдарыбыздын жүрөгүнө Мекенибиздин жакшы жактарын сиңирип, кыттай уютпайт экенбиз. Алар социалдык тармактан, телефондон башка мамлекеттин өнүккөн жактарын көрүп жатат. Заңгыраган кабат үйлөр, кооз имарат, бардык тараптан өнүккөн сыяктуу көрүнүш. Андай нерсе баланын табиятына керек экен. Өсүп-өнүгүп, кошо буркан-шаркан жүрүшү керек экен. А бизден андайларды көрбөй жатышат. Кичинесинен кыргыздын баалуулуктарын көрбөй чоңойсо, башка жерге кызыгат да. Бул — турган иш. Ушуну ойлоп, жүрөгүм ооруду. Кыргыздын эмнеси баалуу? Албетте, улуу карт тарыхы, салт-санаасы, үрп-адаты, «Манасы», Чынгызы, ата-баланын мамилеси, айтор, баалуулуктар көп да бизде. Аны балдарга жеткире билүү керек да. Анан «Аз да болсо салымым болсун, балким мамлекеттик деңгээлге чыгып кетер», — деп, мына 2 жылдан бери тоодо жүрөбүз. Шаардын ичинде жогорудагы баалуулуктарды айтып жеткире албайсың.
— Барган балдар кандай кабыл алышты?
— Башында балдарды гаджет, телефонсуз алып жүрөбүз деп чечтик. Анткени, мына ушул техникалар балдарды бузуп, ошол дүйнөгө алып кирип кетти. Баары виртуалдуу дүйнөдө жашап калышты. Ушулардан сууруп чыгып кетүү кыйын экен. Бирок аракет кылып, тоодон ар кандай оюндарды уюштуруп, жаа тарттырып, жаратылышты көрсөтсөң, бала бир жумадан кийин телефонду унутат. Көнүп калган соң, үйлөрүнө бара турган кезде ыйлашат. Автобустан түшүп жатканда көп көрүп калдым.
— Ушул темага удаа эле суроо берейин, баланы кантип тарбиялоо керек? Ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?
— Баланы башка бала менен салыштырып, анын адамдык дареметин түшүрбөө керек. Мен балдарыма ошондой мамиле кылам. Экинчи маселе, мектептерде окуучулар менен жолугушууларды көп өткөрөм. «Эгерде ата-энеңер силерди мектепке чейин машине менен жеткирип жатса, дароо эле баш тарткыла. Бул нерсе менен алар силерди талкалап жатат. Сенин начар бала болуп чоңоюуңа шарт түзүп жатат», — дейм. Көп ата-эне: «Мен көргөн кыйынчылыкты балам көрбөсүн», — дешет. Мен дароо: «Жо-ок, алар да көрсүн, ошондо адам болот», — дейм. Айталы, Манас бабабызды атасы Жакып: «Жанымда жүрүп, эрке болуп калбасын. Турмушту таанысын», — деп койчусу Ошпурга берет. Көрсө, кыйынчылыкты тарткан соң, жакшы-жаманды ажыратып тарбияланат экен. Шарты мыкты эмес, тескерисинче, начар шарттагы мектепте окутсаң, бала өжөр болуп, өзүн алдыга сүрөйт. Баланын адам болуп калыптануусуна шарт түзүү кажет.
— Баладагы лидерлик сапатты кантип калыптандырса болот?
— Биздин убакта улуулар: «Өу, бери кел», — деп чакырышчу. Барсаң, «Канчанчы атамансың?» — дешет. «Он жетинчи атаманмын, эмне болду?» -дегендер да болгон. Көрсө ал убакта баары эле «атаман» экен (күлүп). Мен ойлойм, лидерлик, «атамандык» муштум менен эле келбейт. Мен мектепте окуган 10 жылда бир күн да сабак калтырган эмесмин. Кээ бир балдар ооруп келбей калса, «Кантип ооруп калдың, денең кантип ооруйт?» — деген суроолорду узатчумун. «Мен деле бир күн мектепке барбай койсом эмне болот?» — деп ойлочумун. Колу-бутум сынган, ооруган күндөр деле болду. Бирок аны сабакка барып жатып айыктырчумун. Бул мактаныч эмес, «атаман» болуу үчүн окуу, тартип, жүрүм-турум менен да үлгү болуп, балдардын сап башында туруу эле.
— Сизди терең ойго салган күндөр да болсо керек? Эмнеге көп өкүнөсүз?
— Дин — Жараткандан берилген нерсе. Ал келбесе адам баласы негизги өкүнө турган нерсесин билбейт экен да. Балалыкка, жаштыкка салып, учурунда башка нерселерге өкүнчүмүн. Адамдын Жаратканды тааныбай өткөргөн күндөрү орду толгус өкүнүч экен. «Эмне себептен он жыл мурдараак Кудайды тааныган жокмун?» — деп аябай көп өкүнөм. Эртерээк таанысам, канча адамга зикир кылат элем, адамдарга даабат айтат элем. «Канча намазым окулбай калды!» — деп ичим ачышат.
— Кино тармагында да жүрөсүз? Бул тармакка кантип келип калдыңыз?
— Негизи, киного кызыкпаган адам аз эле болот. Жаш кезде абдан кызыгуу артты. Бир фильмди аягына чейин көрүп бүтүп, эртең менен мектепке барып, аябай келиштире туурап айтып берчүмүн. Кийин дин жолуна түшкөндө, Чубак ажыдан барып кеңеш сурадым. «Кино тартсам кандай болот? Бул күнөө эмеспи? Ушул жол менен ыйманды элге жеткиргим келет», — десем, колдоду. Ыйман, Ата мекен, ата-эне тууралуу кинолорду тартууну сунуштады. Жети тасма тарттым, ар бир кино аркылуу мамлекетке оюмду жеткиргим келчү. Менин коркконум, кыргыздар кул мүнөз, жалтак эл катары калыптанып калбашы керек. Биздин да өзүбүздүн жашообуз бар.
— «Аябай жумшак мүнөзүм бар» деп айтып келесиз. Жашоодо залакасы тийген жокпу?
— Жумшак тамчы акырындап таамп отуруп, ташты да тешет. «Жумшак» деген «бош, эч нерсе менен иши жок» дегенди билдирбейт. Пайгамбарыбыз да жумшак мүнөз болгон. Өзүмдү ошол эле учурда жашоого болгон көз карашы, ой жүгүртүүсү бир калыпка түшкөн инсан катары тааныйм. Ташты балта менен чапсаң, балтаң сынат. А өгөөлөй берсең, акырындык менен кетилип жүрүп отурат. Анын сыңары лидер болуу үчүн жашоодо катуу болуу керек эмес. Канчалык жумшак болсоң, сени жакшы адамдар жандайт, алдыга таштаган арышың кенен болот.