Биз менен байланышыңыз

«Салык кодексине өзгөртүү киргизүү муктаждыгы бар болчу»

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 221 | 0

Чын-чынына келгенде Салык кодексине өзгөртүү киргизүү муктаждыгы бар болчу. Мындай пикири менен «УчетПрофЛайн» аудитордук, бухгалтердик компаниянын башкы директору Наргиза Мирлан кызы «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Анын айтымында, азыр технология өнүгүп жатат, жаңы инновациялар кирүүдө, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргени көп өзгөрүү болуп жатат. Мунун баарын эске алганда, Салык кодексин жакшы жакка өзгөртүү зарылчылыгы турган.

«Бирок Салык кодексин шашылыш кабыл алууну биз колдобойбуз. Анткени бир эле кошумча нарк салыгы темасын алсак, аны кайтарып беребиз деп жатышат. Бирок анын механизмдери кандай болот, кандай жол менен кайтарып алабыз, эгер азыр биз кошумча нарк салыгын төлөөчү болсок, андан бирдиктүү салык төлөөгө өтүү процедурасы кандай жүрөт? Ошолордун процедуралары, механизмдери, этаптары кандай болот? Мына ушул суроолордун баарына так жооп болушу керек эле. Андан башка ар бир салык түрүнө кайрылсак, кантип ишке ашат деген суроолор келип чыгат. Ал эми бул «Кантип ишке ашат?» деген суроого депутаттар талкуу учурунда так жооп ала алышкан жок», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM