Биз менен байланышыңыз

«Жаңы Салык кодексинде салыктын өлчөмү анча деле көтөрүлгөн жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2021 | 285 | 0

Ишкерлердин көбүн жаңы Салык кодексиндеги өлчөм кызыктырууда. Бул тууралуу «УчетПрофЛайн» аудитордук, бухгалтердик компаниянын башкы директору Наргиза Мирлан кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы долбоор боюнча жеке ишкерлер жана чоң фирмалар бирдиктүү салык деген режим менен иштей алат. Азыркы кодексте бирдиктүү салык салыктын 2 түрүн гана бириктирет: сатык салыгын жана пайдага салыкты, бирок босого 8 миллионго чейин гана болчу. Жаңы долбоордо бул босого 30 миллион сомго чейин көбөйүп, бирдиктүү салыкка дагы бир салык кошулду, ал — кошумча нарк салыгы. Демек азыр ишкерлер 3 салыктын ордуна бир бириккен салык төлөйт.

«Ставкалар боюнча айтсак, азыркы иштеп жаткан кодексте бирдиктүү салыктын ставкасы алып-сатуу үчүн накталай сатсаңыздар — 4%, накталай эмес сатсаңыздар — 2 %; ал эми соода-сатыктан башка кызмат көрсөтүү, же өндүрүш тармагында накталай эмес болсо- 3%, накталай болсо — 6% . Жаңы долбоордо соода-сатык менен кошо айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгаруу, өндүрүш кошулду. Ставкалары: накталай — 4%, накталай эмес — 2%. Ставка мурдагыдай эле калды, болгону соода-сатыкка өндүрүш менен кайра иштетип чыгаруу тармагы кошулду. Ал эми башка тармактарга бирдиктүү салыктын ставкасы накталай 6% болуп өзгөрүүсүз калды, ал эми накталай эмес ставка 1 пайызга көбөйүп, 4% болуп калды», — дейт Наргиза Мирлан кызы.

Айтымында, бул да жакшы. Анткени долбоорду биринчи жана экинчи окууда өлчөм кичине жогорураак болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM