Биз менен байланышыңыз

Мадагаскар өлкөсүндө кеме кыйрап, 64 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 387 | 0

Мадагаскар арал өлкөсүнүн аймагында, Инд океанында кеме кыйрап, кырсыктан каза тапкандардын саны 64кө жетти. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, чөгүп кеткен MS Francia кемесинде жалпы 130 адам болгон. Андан 50 адам куткарылган, дагы 24ү дайынсыз болууда.

Кырсыкка кеменин кыймылдаткычы бузулуп, риф менен кагышканы себеп болгону айтылды. Ошол эле учурда капитандын жүргүнчү ташууга лицензиясы жок экени да белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM