Биз менен байланышыңыз

ДССУ: «Омикрон» штаммы 106 өлкөдө катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 361 | 0

COVID-19дун «омикрон» штаммы 106 мамлекетте катталды. Ошол эле учурда «дельта» штаммы да күн сайын күч алууда. Мындай маалымат Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жумалык отчётунда айтылды.

Отчётто мындан тышкары жаңы штаммга болгон коркунуч дале күчүндө экени белгиленет. Маалым болгондой, 13-декабрдан 19-декабрга чейин «омикрон» штаммын жугузгандар жалпы коронавируска чалдыккандардын 1,6%ын түзгөн. Ал эми «дельта» штаммы менен 96%ы катталган.

ДССУ «омикрон» өтө тез таралып баратканына, ал тургай иммунитети күчтүү делген өлкөлөрдө да катталып жатканына тынсыздануусун билдирген.

Айта кетсек, 11-ноябрда Түштүк Африкадан табылган бул штамм тууралуу ДССУ маалымат тараткан. Анда «омикрон» штаммынын COVID-19дун башка түрлөрүнө караганда бат таралары, бир адамдан бир адамга оңой жугары, анткен менен оору жеңил өтөрү айтылган.

Адам өлүмү катталуусу мүмкүн эмес делгени менен учурда үч бейтап каза тапканы расмий кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM