Биз менен байланышыңыз

Мьянмада шахта көчүп түшүп, 100гө жакын адамды басып калды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 453 | 0

Мьянманын Качин штатына караштуу нефрит чыгарган шахта көчүп түшүп, 80ге жакын адамды басып калды. Бул тууралуу «Рейтер» маалымат агенттиги жазды.

Ал эми Irrawaddy маалымат агенттиги 100гө жакын адам дайынсыз болуп жатканын, болжолдо алардын 10у каза тапканын билдирди.

Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4тө болгон.

Учурда урандыда калгандарды издөө иштери жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM