Биз менен байланышыңыз

Депутат: Кеткенден кийин да Ак үйгө эркин кирип турушубуз керек (видео)

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 3033 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин да Ак үйгө ээн-эркин кирип турушу керек. Мындай сунушту депутат Самат Ибраев парламенттин 22-декабрдагы жыйынында айтты.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү кызматтык күбөлүктөрүн өздөрүндө калтырышы зарыл.

«VI чакырылыштын депутаттары өмүрүнүн бир бөлүгүн ушул жерде өткөрүштү. Ошондуктан «депутаттар бул имаратка азыркы күбөлүктөрү менен кирсин» деп токтом кабыл алалы. Алар жаңы эл өкүлдөрүнө жардам беришет», — дейт Самат Ибраев.

Депутат бул сунушту добуш берүүгө коюуну өтүндү. Вице-спикер Аида Касымалиева мөөнөтү бүтүп жаткан чакырылыштын бардык маселелери мыйзам чегинде чечилиши керектигин эскертти.

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын акыркы жыйыны өтүп жатат. Эртең парламенттин жаңы курамы өз милдеттерин аткарууга киришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM