Биз менен байланышыңыз

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган турнир өтөт

Кыска кабар , Спорт | 22 Дек 2021 | 770 | 0

Бишкек шаарында оор атлетика боюнча Олимпида чемпиону, даңазалуу спортчу Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаменти билдирди.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда боло турган оор атлетика боюнча мелдештер 24-декабрда башталат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Нидерландыдан спортчулар келет.

Балбандар төмөнкү салмактарда күч сынашат:

Эркектер арасында: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;

Кыз-келиндер арасында: 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.

Эл аралык турнир 26-декабрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM