Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстан курамасы Грузияны 2:1 эсебинде утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 22 Дек 2021 | 529 | 0

Кечээ, 21-декабрда Грузиянын Тбилиси шаарында Кыргызстандын жана Грузиянын футзал боюнча улуттук курамалары жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюндун жыйынтыгында Кыргызстан курамасы Грузиянын курамасын 2:1 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандан Шохрух Махмадаминов эки гол жолу киргизди. Ал эми Грузиянын голун Ираклий Тодуа тепкен.

Бүгүн, 22-декабрда Кыргызстан менен Грузия экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт.

Кыргызстандын курамасы командасы беттешти 2022-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына, Грузия курамасы 2022-жылдын 19-январында Нидерландыда баштала турган футзал боюнча Европа чемпионатына даярдык катары өткөрүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM