Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10 млрд 440 млн куб метрди түздү

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 289 | 0

Бүгүн, 22-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 440 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 155 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 451 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM