Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Ооганстанда калгандардын абалы азыр өтө оор

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2021 | 353 | 0

Байден Орто Азия чөлкөмүн, андагы элдин менталитетин жакшы билбейт. Мындай пикирин эксперт Мырза Каримов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал Байдендин «Ооганстандагыдай окуя болсо, Тажикстандын жарандары деле самолёттун дөңгөлөктөргө жабышып качмак» деген сөзүнө кошулбай турганын айтты. Анткени Ооганстан элинин менталитети башка, Орто Азияныкы башка.

«Учактын канатына, дөңгөлөгүнө жабышкан ооганстандыктар түшүп кетерин билип эле турушту. Анда эмнеге дөңгөлөктөргө жабышты? Анткени алар «Талибандарды» жакшы билишет. Качкандардын көпчүлүгү эптеп башка өлкөгө кетейин деген. Анткени Американын долбоорлорунда тилмеч же эксперт болуп иштеген оогандыктар азыркы күнгө чейин «Талибандардан» жашынууга аргасыз. Азыр ал жакта абал өтө оор. Мени менен чогуу иштешип, чет жакка кете албай калган оогандыктар бар. Алар кээде тамак-ашка каражат калбай калганын айтып, жардам сурашат», — дейт Каримов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM