Биз менен байланышыңыз

Мырза Каримов: Байдендин рейтинги бир топ түшүп кетти

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2021 | 427 | 0

Америкада жүргүзүлгөн изилдөөлөргө карасак, бир жыл ичинде Жо Байдендин рейтинги бир топ түшүп кетти. Бул тууралуу саясат талдоочу Мырза Каримов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Байдендин президенттиги ковид учуруна туш келип, экономикалык-социалдык абалга пандемия терс таасирин тийгизди. Анын үстүнө коронавирус башталганы АКШда көп адам каза тапты. Өзгөчө Нью-Йорк шаарында, андан кийин Калифорнияда көп адам өлдү.

«Дүйнө эли АКШны күчтүү держава катары карап келген. Эми ошол күчтүү державанын азыркы абалы мурдагыдай эмес, бир топ түшүп кетти. Американын тарыхында Капитолийди басып алган учур биринчи жолу болду. Аны уюштурган адамдардын соту бүтүп, камакка алышты, баары бир эл мындайды эл күткөн эмес», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM