Биз менен байланышыңыз

Депутат: VI чакырылыштагы парламент жалтак парламент болду

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2021 | 519 | 0

VI чакырылыштагы парламент чынында жалтак парламент болду. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал айрым мыйзамдар чынында шашылыш, мүчүлүштүктөр менен кабыл алынганын, анын бири шайлоо тууралуу мыйзам экенин моюндады.

«Шайлоодо ошол мүчүлүштүктөрдү жон терибиз менен сездик. Кандай көйгөйлөрдү жаратары маалым болду», — дейт ал.

Бирок Акыл Кемелов депутаттарга айтылган сын-пикирлерди өзүнө кабыл алгысы келбей турганын билдирди. Айтымында, ал кесиптештеринен айырмаланып, көп мыйзамдарга каршы добуш берген жана трибунадан өз оюн айта алган. Эл өкүлү парламентке элдин үнүн жеткире алган, өзүнүн позициясы бар, билимдүү, эрктүү, жоопкерчиликти мойнуна ала биле алган адамдар келиши керек экенине көзү жеткенине токтолду.

«Бир учурду айтып берейин. Бирөө келиптир: «Өйдө жактан келдим эле, бир мыйзамга макул деп коесузбу?» — деп. Мага кызык болуп, өйдө жак ким экенин сурадым. Мен үчүн өйдө жак — Кудай. «Бул мыйзамды ким түртүп жатканын билели, атын атагыла», — десем, менден четтеп кетти. Мыйзам кабыл алууда жогору жактан суранычтар болуп калат. «Бир кайрылып жатса» деп  кээ бир депутаттар макул болушат. Ушундай учурда принципиалдуу эл өкүлдөрү керек экенине көзүм жетти», — дейт депутат.

Ал азыркы шайлоо мыйзамынын эң чоң мүчүлүштүгү катары парламентке олигархтардын келүүсүнө шарт түзгөнүн атады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM