Биз менен байланышыңыз

Каратэ-до: Азия чемпионатында Кыргызстан 9 медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 21 Дек 2021 | 668 | 0

Каратэ-до боюнча Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы тогуз медаль алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Кадеттер арасында Канышай Турсунбаева (47 кг) күмүш медаль, Эльнура Ибрайымова (54 кг жогору), Даниел Худайбердиев (52 кг) жана Михаил Адамалиев (63 кг) коло медаль алышты.

Ал эми өспүрүмдөр арасында Умида Айсаева (48 кг) алтын медаль тагынса, Сезим Эсенкулова (53 кг) коло медаль тагынды.

Жаштар арасында (U-21) Ольга Мальцева (68 кг) алтын медаль алса, Нурланбек уулу Калыс (67 кг) менен Назим Нурланов (75 кг) коло байгеге ээ болушту.

Белгилей кетсек, спортчуларды улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеев жетектеп барган.

Каратэ-до боюнча Азия биринчилиги эртең, 22-декабрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM