Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын балбан кыздары дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы бештигине кирди

Кыска кабар , Спорт | 21 Дек 2021 | 626 | 0

Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде алдыңкы бештикке кирди.

Уюм 2021-жылы күрөш чеберчилигин ийгиликтүү көрсөткөн курама командалардын тизмеси жарыялады. Кыргызстандык балбан кыздар төртүнчү сапка жайгашты.

Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар үч медаль алган. Анын ичинде эки алтын бар.

UWW рейтингинде биринчи орунду Япония кыз-келиндер курамасы, экинчи орунду Орусия эркин күрөш курамасы, үчүнчү орунду Украина кыз-келиндер курамасы, төртүнчү орунду Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы, бешинчи орунду Ирандын грек-рим курамасы алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM