Биз менен байланышыңыз

Филиппинде «Рай» тайфунунан 375 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 260 | 0

Филиппиндеги «Рай» тайфунан каза болгондордун саны 375 адамга жетти. Андан тышкары элүүдөн ашуун адам изделүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү милиция билдирди.

Туристтик курорттор жайгашкан Висаяс провинциясы эң көп жабыр тарткан. Жарым миллионго жакын тургундун үй-жайы урандыга айланып, алар убактылуу жайларда баш калкалашууда. Таза суу буулуп, байланыш үзүлдү.

«Рай» тайфуну өлкөнүн тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган апаат катары катталды. Тайфундан улам секундасына 54 метрге жеткен бороон болуп, көз ачырбаган кара нөшөр төгүп жатат. Бардык аба каттамдар жана деңиз каттамдары токтотулду.

Тайфундан Малайзия да жабыр тартып, шаар көчөлөрүн сел алып кеткен. Бир канча адам дайынсыз жоголуп, көптөгөн тургундар суу каптаган аймактардан көчүрүлгөн.

«Рай» тайфуну учурда Вьетнамды көздөй жылганы айтылууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM