Биз менен байланышыңыз

Гаитиде күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 90 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 416 | 0

Гаитинин түндүгүндөгү Кап-Аитьен шаарында күйүүчү май ташыган танкер жарылып, каза болгондордун саны 90го жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдиргенин AFP маалымат агенттиги жазды.

Буга чейин 75 адам каза тапканы кабарланган. Шаар жетекчилиги жарылуудан жабыркагандардын айрымдарынын абалы дагы деле оор экенин белгилейт.

Гаитиде күйүүчү май тарткан унаа жолдон оодарылып кеткен. Жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, майды ташып кетип жатканда, катуу жарылуу болгон. Кырсыктан ондогон үй өрттөнүп, бир нече адам каза таап, бир канча адам жабыркаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM