Биз менен байланышыңыз

Бишкекте май сакталган жайдан өрт чыкты (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 1656 | 0

Бишкек шаарынын Тимирязев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, ыкчам топ, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМ кызматкерлери тартылган.

«Жалбырак ТВ» телеканалы берген маалыматка караганда, май саткан үйдөн чыккан өрт коңшулардын да үйүн чарпкан.

Тегеректе жашаган тургундар буга чейин да ушул жай өрттөнгөнүн, чара көрүү боюнча тиешелүү тараптарга кайрылышканын, бирок иш каралбай келгенин айтып беришкен.

Жерине барган Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул боюнча атайын комиссия түздүрүп, ишти тыкыр иликтеп чыгышарын маалымдады.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM