Биз менен байланышыңыз

Волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыска кабар , Спорт | 20 Дек 2021 | 654 | 0

21-декабрдан 29-декабрга чейин Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Дакка шаарында (Бангладеш) өтө турган зоналдык Азия чемпионатына катышат.

14 оюнчудан турган курама команданы башкы машыктыруучулар Абдухамид Айсохожаев, Кылыч Сарбагышев жана улук машыктыруучу Нурланбек Тойчубеков жетектеп барат.

Оюндарга калыстык кылууга Кыргызстандан Көкчолоков Нургазы тандалган.

Спортчулар чет өлкөгө Кыргызстандын волейбол федерациясы менен Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын каржылык колдоосу астында жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM