Биз менен байланышыңыз

Футзал: Эртең Кыргызстан менен Грузия беттешет

Кыска кабар , Спорт | 20 Дек 2021 | 532 | 0

21-22-декабрда Тбилиси шаарында Кыргызстандын жана Грузиянын футзал боюнча улуттук курамалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн 13-19-декабрда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу, ошондой эле Азия кубогунун тандоо этабына даярдануу максатында футзал жыйынын өткөргөн.

Мелдешке башкы машыктыруучу Амиржан Муканов жетектеген футзал боюнча Кыргызстан курамасында 12 оюнчу, үч дарбазачы барат.

Кыргыз курамасы бул беттешти 2022-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдык катары өткөрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM