Биз менен байланышыңыз

Баткенде эки жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 342 | 0

Лейлек районунун Кулунду айылында төрт миллион сомго курулган жаңы ФАП пайдаланууга берилди.

ФАПтын ачылышына Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева, «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Кулунду айыл аймагынын башчысы, медицина кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

ФАПтын курулушуна «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду 3 млн сом, айыл өкмөтү 1 млн сом бөлгөн.

Мындан тышкары Баткен шаарынын жанындагы конушунда дагы бир жаңы ФАП пайдаланууга берилди. Жаңы ФАП акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM