Биз менен байланышыңыз

«Мекендештер боюнча көп сунуштарыбыз көңүл сыртында калууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Дек 2021 | 705 | 0

Кыргызстан үчүн адамдык ресурсту, эмгек капиталын туура пайдалануу абдан чоң мааниге ээ. Мындай пикирин «Замандаш» ассоциациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Майрамбек Жапанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал Кыргызстандын экономикалык-социалдык жактан өсүп-өнүгүүсүндө сырттагы мекендештерибиздин кошкон салымы ат көтөргүс экенин белгиледи. Бирок бул эмгекке жарамдуу гана адамдар эмес, биздеги потенциалдуу, кадрдык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн баары сыртка агып жатат деген сөз. Ошолордун баарын жөнгө салып, мамлекет тараптан жакшы бир аянтча түзүп, ошолордун ресурсун Кыргызстандын келечектеги экономикалык өнүгүүсүнө жумшай алсак, бул — абдан чоң нерсе. Биз ошонун эсебинен гана бир топ өсүштөрдү жасасак болот.

«Акыркы 30 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы биздин мекендештердин акча которуусунун негизинде кармалып турат деп биз ынанымдуу түрдө айта алабыз. Ошондуктан шайлоо учурунда же абдан татаал кырдаал түзүлгөндө эле мекендештерибизди эстеп койбостон, күн сайын ойлой жүрүү керек. Биз «Кумтөр» деп жатабыз, башка ар кандай долбоорлорду айтып жатабыз. Ушуларды ырааттап, системдүү нерсеге келип алсак, бул Кыргызстандын экономикалык-социалдык жактан өнүгүп- өсүшүнө зор салымын тийгизет. Биз бул боюнча көп жылдан бери сунуштарыбызды берип келе жатабыз. Алардын орчундуулары мамлекеттин көңүл сыртында калып жатат. Бизде дагы көптөгөн сунуштар бар. Ошолорду да кабыл алсак, Кыргызстан утушка гана ээ болот», — дейт Жапанов.

Айтымында, алардын уюму түзүлгөндөн тарта Казакстан, Орусиядан мекендештерди чогултса, кийин Европа, Азиядагы мекендештерди чогултуп, өзүнчө аянтча уюштуруп, 2012-жылы мекендештерди колдоо боюнча чоң мамлекеттик программанын долбоорун сунушташкан. Ал программанын негизинде сыртка чыгып кеткен мекендештердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстанга кантип бурсак болору камтылган. Алардын көбүнчөсү концепция форматында кабыл алынды. Бирок азырынча иштей элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM