Биз менен байланышыңыз

Президент: Мигрант болуп бөтөн элде иштөө кандай кыйын экенин жакшы түшүнөм

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 630 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда,Мигранттардын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда мигрант болуп бөтөн элде иштөө кандай кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы түшүнө тургандыгын айтып, алардын үй-бүлөлөрүнө чың ден соолук, бакубат жашоо каалаган.

«»Туулган жердин топурагы алтын» деген накыл кеп бекеринен чыкпаса керек. Так ушундан улам Президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы кадамдарымдын бири катары «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол койгом. Ошону менен бирге Кыргызстанда татыктуу киреше бере турган жумуш орундарын түзүүнү Министрлер кабинетинин алдына коюп келем.

Биз өз кесибинин дасыккан адистерин кармап калууга тийишпиз. Кайсы гана тармак болбосун анын өркүндөп-өсүшүнө өз ишин мыкты билген адистер зор салым кошору белгилүү. Мындай адамдар, айрыкча, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы мыкты кесип ээлери өз Мекенинде татыктуу жашап, элибиздин саламаттыгына кам көрүшү абзел. Ошону менен бирге ишкерликти өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан чакта тажрыйбалуу инженердик кадрлардын — техниктер, энергетиктер, куруучулар, жеңил өнөр жайынын кызматкерлери — жана башка чебер адистердин ролу айтпаса да белгилүү» — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ошондой эле президент мигранттардын өз мекенинде  жашоого шарт түзүүнүн, чет жерде жүргөндөрдүн укуктарынын корголушун камсыз кылуунун аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM