Биз менен байланышыңыз

«Гипертония — организмди билдирбей өлтүргөн оорунун бири»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2021 | 1173 | 0

Жогору кан басым менен жүрө берүү жаңылыштык, аны нормага түшүрүү керек. Бул тууралуу дарыгер Аида Баатырбекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, гипертония оорусу — өтө коркунучтуу оору. Медиктер аны “тихий убийца” деп коет. Тактап айтканда, организмди билдирбей өлтүргөн оорунун бири. Бейтапка оорунун белгилери сезилбегени менен жогорку кан басымды адамдын эң негизги органдары сезип турат. Бул — мээ, көз, жүрөк, бөйрөктөр жана кан тамырлар. Ушул органдар биринчи кезекте жабыркайт.

«Кесепеттери тууралуу сөз кыла турган болсок, мээнин кан тамырлары жабыркаса, мунун кесепеттери инсультка алып келет. Инсульт кандай аяктарын баарыбыз эле билебиз — майып болуп калат, же өлүмгө чалдыгат. Тилекке каршы, биздин республикада инсульт, инфаркт өтө көп кездешет. Ошонун себеби — гипертония оорусу. Тилекке каршы, биздин бейтаптар ошону түшүнүшпөйт», — дейт ал.

Бейтаптар симптому жок болсо, өзүн ошол учурда жакшы сезип турса, жогорку кан басымды өзүнүн индивидуалдуу кан басымы катары кабыл алат. Бул -жаңылыштык. Эгер кан басым жогору болсо, ар кандай кесепеттерге алып келбеш үчүн аны нормага түшүрүү керек. Жана дайыма нормада алып жүрүү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM