Биз менен байланышыңыз

«Көбү гипертонияны сасык тумоодой эле көрүшөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2021 | 956 | 0

Көпчүлүк бейтаптар гипертония өнөкөт оору экенин түшүнө беришпейт, сасык тумоо сыяктуу көрүшөт. Мындай пикирин дарыгер Аида Баатырбекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Гипертония сергек жашоонун жоктугунан, аз кыймылдагандан, тамеки чеккенден, абанын бузулушунан, жеп жаткан тамак-аштын сапатынын начарлыгынан болушу мүмкүн. Оору симптомсуз оорулардын катарына кирет. Качан гана органдар жабыркап баштаганда, өзүнүн белгилерин билдирип баштайт. Тактап айтканда, мээнин кан тамырлары жабыркаганда баш ооруп, кулак чуулдап баштайт.

«Ооруну алдын ала аныкташ үчүн маал-маалы менен кан басымды өлчөтүп туруу сунушталат. 18 жаштан кийин бардык адамдар медициналык кароодон өтүшөт. Ошондо ар бир медициналык кароодо кан басымды өлчөш  керек. Кан басым 140/90го чейин норма болуп эсептелинет. 130/90 кан басымы менен жүргөндөрдү аныктаганда, бейтапка биз кан басымын бат-бат өлчөп турууну сунуштайбыз. 140/90 болгондо дарыгерге кайрылышыңыз керек деп түшүндүрөбүз», — дейт дарыгер.

Гипертония оорусу — бул өнөкөт оору. Адамга аны менен өмүр бою жашоого туура келет. Эгер бул ооруну жакшы контролдоп, кан басымды өз калыбына келтирип, дарыларды убагында ичип турса, адам өзүн жакшы сезип, ден соолугу кадимкидей жүрө берет. Бирок эң негизги катачылык — көбү бул өнөкөт оору экенин түшүнбөйт. Сасык тумоо сыяктуу бир жума ооруп, анан өтүп кете тургандай көрүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM