Биз менен байланышыңыз

Кара-Кечеде көмүр казуу убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 528 | 0

Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу кесек көмүрдү казуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казылбайт.

«Элге кесек көмүр 20-декабрдан баштап берилет. Ал эми ЖЭБге жалаң майда көмүр берилет, ал тынымсыз жөнөтүлүп жатат. 3 миң сомдук көмүрдү 20-декабрда берип баштайбыз. Токтоп калган беш күндө кампадагы запас көмүрлөр сатылып турат», — деди Жийде Зоотбекова.

Ошондой эле ал Кара-Кече кенинде көмүрдүн тоннасы 1330 сом менен сатылып жатканын айтып, бааларды Антимонополия кызматы көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM