Биз менен байланышыңыз

Медакадемиянын жатаканасына Адинай Мырзабекованын сүрөтү тартылды

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 316 | 0
Сүрөт 24.kg сайтынан алынды

И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын №7 жатакансынын дубалына дарыгерлердин жана Адинай Мырзабекованын сүрөтү түшүрүлдү.

Марлен Бакачиев окуу жайдын тапшырыгы менен атайын тарткан бул сүрөттөн жылмайган Адинай Мырзабекованы жана дарыгерлерге гүл сунган кызды көрүүгө болот.

И. Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекова 2020-жылдагы пандемия учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде ыктыярчы-медайым болуп иштеген. 2020-жылдын 13-июлунда коронавирустан каза болгон. Көзү өткөндөн кийин Эрдик медалы менен сыйланган. Буга чейин Медициналык академиянын жаңы конференц-залында кыздын бюсту орнотулган.

Белгилей кетсек, Октябрь айында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жанында коронавирустан каза болгон дарыгерлердин жаркын элесине арналган айкел тургузулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM