Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Жанар Акаевди арам ойлуу деп айыптады

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 7556 | 1

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана талапкер Токтобүбү Оргалча тууралуу пикирин билдирди.

Ал парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта Боршайкомдун ишине такыр кийлигишүү болбогонун белгилеп, баары мыйзам чегинде ишке ашканын айтты.

Ал Жанар Акаевге байланыштуу маселеге токтолуп:

— Өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, «Президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди», — дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага «Бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин», — дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын», — деп жазды.

Ал эми депутаттыкка талапкер Токтобүбү Оргалча тууралуу оюн мындай жазды:

— Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканда билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү? Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир «уборщицаны» да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү.

Акаев: БШКнын чечими жогору жактын басымы менен кабыл алынды

1 пикир

1 пикир

  1. Иличбек

    17.12.2021 23:19

    Президент эмес эле көчөдөгү адамдардай эле жүрүп калды өзү. Бир топ ойноп бир сууга түшүп.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM