Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «омикрон» штаммы каттала элек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2021 | 949 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «омикрон» штаммы каттала элек. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «омикрон» — вируленттүүлүгү өтө жогору штамм. Ал тез аранын ичинде көп адамдарга жайылат. Быйыл өлкөдө чектөөлөр болбогонун жана эл аралык байланыштар жанданганын эске алганда, бул штамм бир ай ичинде бизге да келет деген кооптонуу бар.

«Биз лаборатордук изилдөөлөр үчүн ай сайын Новосибирскиге анализдерди жиберебиз. Акыркы жиберген анализдер боюнча жооп келе элек. Эгер ошол анализдердин арасынан «омикрон» байкалса, биз өлкөдө бул штамм катталды деп эсептесек болот. Ага чейин «омикрон» тарала элек деп билебиз. Эл аралык маалыматтарга таянсак, «омикрондун» вируленттүүлүгү жогору болгону менен бул оору башка штаммдарга караганда жеңил өтүп жатат. Ошон үчүн биз деле жеңил өтсө керек деп күтүп жатабыз», — деди Рахматуллаев.

Ал өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иштери жакшы жолго коюлуп, бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 174 миң 295 жаран биринчи эмдөөдөн жана 958 миң 447 жаран экинчи эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM