Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер менен жумушчулар эмнеге эмгек келишимин түзүүгө кызыкдар эмес?

Ишкерлер менен жумушчулар киреше салыгын жана Соцфондго төлөнүүчү төлөмдөн качып, эмгек келишимин түзүшпөй турганы аныкталды. Бул туурасында укуктук талдоочу, отставкадагы судья Калыгул Салиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай тыянакка жүзгө жакын ишкерден анонимдүү сурамжылоо жүргүзүү, Бишкек жана Ош шаарларында эки фокус группа өткөрүү жана башка эксперттик иликтөөлөрдөн улам келишкен.

«Анткени киреше салыгынын өлчөмү 10%, ал эми Социалдык фондго төлөнө турган тарифтердин өлчөмү 27,25%. Экөөнү кошкондо 37%га чукулдаган акча айлык акыдан кармалат экен. Мындай чоң өлчөмдөгү сумманы төлөөгө ишкер да, жумушчу да кызыкдар эмес. Бул — бир маселе. Экинчиси, бир ишканада 10 жумушчу иштесе, анын үчөөнү гана расмий түрдө жол-жоболоштуруп, калган жетөө менен эмгек келишим түзүлбөй калган фактылар да бар экен. Кыскача айтканда, көмүскө экономиканын негизги себептеринин бири — ушул»,  -деди ал.

Ал анонимдүү сурамжылоого катышкан ишкерлер мамлекет тарабынан жеңилдик болсо, салыктын, төлөмдүн өлчөмү азайтылса, толугу менен ачыкка чыгууга даяр экенин билдиришкенин айтты.

«Эгер Соцфондго төлөнбөй калса, ал ишкердин же жумушчунун келечекте пенсиясы болбой калышы мүмкүн. Ошол эле учурда Соцфонддун да казынасы толбой калышы мүмкүн. Ошол себептен «таяктын эки учу бар» дегендей, бул өлчөмдөрдү азайта коюу да мамлекет үчүн азыр чоң көйгөй жаратат. Ошого карабай президент Министрлер кабинетине киреше салыгын жана Соцфонддун өлчөмдөрүн азайтуу тапшырмасын берген. Эгер ушул ишке ашып калса, көмүскө иштеп жаткандар ачыкка чыгып калат эле», — деген үмүтүн билдирет Салиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM