Бүгүн, 15-декабрда Кыргызстан менен Казакстандын сүрөтчү, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөдө «КУРАК» жасалга колдонмо өнөр мектебинин негиздөөчүсү жана кесипкөй сүрөтчү Чолпон Аламанованын автордук долбоорунун катышуучуларынын эмгектери тартууланды.
«ЭКО-КУРАК» азыркы коомдун орчундуу маселелерин: экологияны жакшыртуу, кыргыздын маданий мурастарын сактоо жана аялдардын жашоо деңгээлин көтөрүү маселелерин көтөрүүдө.