Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө үч жигит май куйган жайды тоноду (видео)

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 689 | 0

Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы май куйган жайдын кассирин тоногон үч жигиттин экөө кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милиция окуя түнкү 3:30да болгонун айтып, алардын көзөмөл камерага түшүп калган видеосун жарыялады.

«Белгисиз үч бала май куюучу жайдын операторуна терезеден ок атуучу курал көрсөтүп, акча талап кылышкан. Оператор кассада болгону 1000 сом бар экенин айтып, бул сумманы талап кылгандарга берген. Кол салгандар акчаны алып, белгисиз тарапка качып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Үч шектүүнүн экөө: Дархан айылынын жашоочулары 28 жаштагы Ш.Ж. менен 16 жаштагы Б.Б. кармалып, тергөө абагына киргизилген. Үчүнчү шектүү 26 жаштагы А.А. изделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM