Биз менен байланышыңыз

«Омикрон» штаммы 77 өлкөдө катталды

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 231 | 0

Коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы 77 өлкөдө аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул штамм COVID-19дун оор эмес түрү болсо да, инфекция жугузгандар көп болуп, ооруканалар кайрадан бейтаптарга толушу мүмкүн.

Улуу Британияда «омикрон» штаммынан кечээ бир бейтап көз жумду. Башка каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.

11-ноябрда Түштүк Африкадан табылган бул штамм өтө тездик менен жайылып баратканы, «омикрон» COVID-19дун башка түрлөрүнө караганда бат таралары, бир адамдан бир адамга оңой жугары айтылып келет. Анткен менен «омикронго» чалдыккандардын оорусу башка штаммдарга салыштырмалуу жеңил өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM