Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата 1» ГЭСин салууга 10 жылдай убакыт кетет»

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 480 | 0

«Камбар-Ата 1» ГЭСи салынса, башкарууну инвестиция салган мамлекет тартып кетет деген чочулоо болбошу керек. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эл арасында ушундай тынчсыздануулар, пикирлер чыгып жүрөт. Бирок бул туура эмес. Сырттан инвестиция салынган менен башкаруу баары бир Кыргызстандын колунда болот. Анткени, биринчиден, ГЭСти башкаргандар кыргызстандык энергетиктер болот, экинчиден, ГЭСтин суу режиминин иштөөсү Токтогул суу сактагычы менен байланышта — булар чогуу,  бирдей суу режиминде иштейт. Ошон үчүн Казакстан, Өзбекстан салымын кошуп туруп, эртеңки күнү башкарып, суунун баарын алып кетип калат деген туура эмес.

«Ооба, быйылкыдай кургакчылык болуп калганда, жардамын тийгизет, көбүрөөк суу берип турганга мүмкүнчүлүк жаралат, бирок мындан Кыргызстан зыян тартпайт. Биз башкарттырып ийебиз деген туура эмес. Анткени башка жактан салым кошкону менен бул ГЭСти көчүрүп алып кете албайт, экинчиден, энергетикалык режимде бирдей иштеп жаткандан кийин бул каскад ГЭСтердин баары бирдей иштеп, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, дал Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн электр энергиясын иштеп чыгарганга жана сууну сактап калганга таасир этип иштеши керек», — дейт ал.

Ал «Камбар-Ата 1» ГЭСи долбоорун ишке ашыруу үчүн болжол менен 4 млрдга жакын доллар керектелерин билдирди. Аны куруу убактысы каржылоо өтө жакшы жүргөн убакта 10 жылдай убакытты алышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM