Биз менен байланышыңыз

БШК бир мандаттуу округдар боюнча дагы төрт жеңүүчүнү аныктады

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 354 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы дагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча төрт жеңүүчүнү аныктады.

Тиешелүү шайлоо округдарынын аймактары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары менен округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде дагы төмөнкү төрт жеңүүчү тизмеге кошулду:

Өзгөн району — Элмурза Сатыбалдиев (73,43 пайыз добуш);
Куршаб району — Данияр Төлөнов (24,93 пайыз);
Ала-Бука району — Азизбек Турсунбаев (37,54 пайыз);
Ак-Суу району — Акылбек Түмөнбаев (44,32 пайыз).

Округдук шайлоо комиссиясы шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоонун натыйжаларын аныктоодо БШКга келип түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды карап чыгып, алар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чечимдер кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM