Биз менен байланышыңыз

Бүгүн адабият күнү белгиленди

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 340 | 0

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында дүйнөгө белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты билдирди.

Иш-чарага президенттин кеңешчиси, жазуучу, тарыхчы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акындар жана маданият ишмерлери катышты.

Театрдын артисттери Айтматовдун “Кылымдан да узагыраак күн” романынын негизинде “Маңкурт” спектаклин коюшту. Найман менен Жоламандын маеги көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды.

Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев 12-декабрь кыргыз эли үчүн символикалык күн экенин билдирди. «Анткени бул улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Аны урматтагандыктан жыл сайын ушул күнү адабият күнүн белгилейбиз. Экинчиден, адабиятты баалайлы деген биздин каалообуз. Акыркы 30 жылда экономикалык жактан анчалык жылыш болбосо дагы, биз дагы эле руханий жактан, анын ичинде адабият тармагында да ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Эске сала кетсек, улуу жазуучу 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюрнберг шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан жеринен каза болгон. Чыңгыз Айтматовдун сөөгү Бишкектин жанындагы “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине коюлган.

Ошондой эле салатанттуу майрам Т. Абдумомунов атындыгы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган атайын программа менен коштолуп, «Алтын калем» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Акын-жазуучулардын республикалык “Алтын калем” адабий сынагынын жеңүүчүлөрү:
Поэзия боюнча:
Улукбек Омокеев, Бурулкан Сарыгулова жана Жедигер Саалаев.
Проза боюнча:
Топчугүл Шайдуллаева, Арслан Койчиев жана Айдарбек Сарманбетов.
Ал эми драма боюнча: Капар Токтошов, Нурлан Абдырахманов жана Тыныбек Сыдыковго тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM