Биз менен байланышыңыз

Дубай өкмөтү дүйнөдөгү биринчи кагазсыз өкмөт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 3953 | 0

Дубай өкмөтү толугу менен санарипке өтүп, дүйнөдөгү биринчи кагазсыз өкмөт болду. Бул тууралуу Эмираттын мураскор ханзаадасы, Дубайдын аткаруу кеңешинин төрагасы шейх Хамдан бин Мохаммед бин Рашид Аль-Мактум Бириккен Араб Эмираттарынын WAM маалымат агенттигине билдирди.

«Бүгүн Дубайда жашоонун бардык аспектилерин санариптештирүүнүн жаңы этабы башталды… Биз толугу менен кагазсыз өкмөткө өтүүнү аяктадык. Бүгүн бул убада аткарылды», — деди Хамдан бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум.

Эске салсак, бул маселени БАЭнин вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль-Мактум мындан төрт жыл мурда көтөрүп чыккан. Андан кийин ал 2021-жылдан кийин эмираттын аткаруу бийлигинин кызматкерлери да, мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөр да эч кандай документ басып чыгарууга муктаж болбой турганын убада кылган.

Мындан ары эмираттын бардык мамлекеттик органдарында  ички жана тышкы документ жүргүзүү атайын маалыматтык платформалар аркылуу электрондук түрдө гана жүргүзүлөт.

Дубайда эсептелгендей, электрондук өкмөткө өтүү жана иш процессин санариптештирүү 2018-жылы кагазсыз стратегия башталгандан бери эмират боюнча 336 миллион кагаз барактарды үнөмдөгөн, бул 14 миллион саат адам эмгегин жана акчалай алганда 353,8 миллион долларды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM