Биз менен байланышыңыз

Москвада ММА турнири массалык мушташ менен аяктады

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 12 Дек 2021 | 2838 | 0

WEF лигасынын ММА турниринде мушкерлер менен бейтааныш адамдардын катышуусунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу Риа новости жазып чыкты.

Иван Ярыгин атындагы күрөш ордосунда болгон мушташтын видеосу промоушндун YouTube каналына жарыяланды.
Квалификациялык беттештердин биринде жеңишке жеткен Өзбекстандын өкүлү Намазан Самиев бардык атаандашы менен беттешүүгө даяр экенин билдирген.

Атаандаш табылганда уюштуруучулар көз караштар дуэлин өткөрүүнү сунуштап, анын жүрүшүндө Самиев атаандашын тизеси менен башына чапкан.

Андан кийин бейтааныш адамдар торго чуркап кирип, мушкерге кол салышкан, андан соң массалык мушташ башталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM