Биз менен байланышыңыз

Атазов: Жашырган мүлктөрү боюнча баарына кылмыш иши козголушу керек

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 3113 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн да президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда салык деклорациясында көрсөтүлбөгөн мүлктөрү боюнча бардык чиновниктер жооп бериши керектигин айтты.

«Азыр мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иштери козголуу алдында турат. Бул иштерди аягына чыгарып берүүнү суранам. Жаап-жашырган мүлктөр, салык декларациясында көрсөтүлбөгөн өтө көп байлыктар бар. Булар боюнча маалыматтар келди. Келиңиздер, таза башкарууну ушул парламенттен баштайлы. Таза депутат, таза министр, ууру эмес министр болсо, ошондо элибиз ишенет. Ошондуктан 5 айдан бери парламентте жок, мандат керек болгондо чыга калып, «сулуу чымчык» болгондун кереги жок. Жашырган мүлктөр боюнча баарына кылмыш иши козголуп, мамлекеттин жана мыйзамдын алдында жооп бериши керек», — деди Атазов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM