Биз менен байланышыңыз

Депутаттар БШКнын маалымат берүүсүн талап кылышты

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 403 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов менен Наталья Никитенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКнын маалыматын угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Атазовдун айтымында, Оштун Төлөйкөн округунда административдик ресурс колдонулуп, баштык менен акча таратуулар болгон.

Ошондой эле ал Ошто мыйзам бузууларга чара көрүлбөй жаткандыгын белгиледи.

Бүгүн ошондой эле депутаттар камактагы Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана экс-депутат Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартуу маселеси каралмакчы.

Күн тартибиндеги маселелердин тизмесине депутаттык комиссия түзүү киргизилген.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле Бактыбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM