Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө бир топ документтерге кол коюлду:
-Кыргызстандын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы («Жол картасы»);
-2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
-Министрлер кабинети жана Казакстандын өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим;
«Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.
Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына 7-декабрда барды. Ал эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, экономикалык, күч түзүмдөрүн, маданий мекемелерди кыдырып чыгары айтылган.