Биз менен байланышыңыз

«Ваучердик системаны киргизүүдө биринчи аракет ийгиликсиз аяктаган»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2021 | 580 | 0

Билим берүү тармагына ваучердик системаны киргизүү боюнча биринчи аракет ийгиликсиз аяктаган. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, анда Ысык-Көл облусунда мугалимдердин кесиптик квалификациясын ваучердик системага өткөрүү боюнча 2 жылдык пилоттук долбоор болгон. Аны «Сорос» фондусу менен ЮСАИД каржылаган.

«Бизде Ысык-Көл облусунда олуттуу кемчиликтер болду, себеби биринчи кезекте мугалимдерге кесиптик кызмат көрсөтүү боюнча институтту жоюу маселесин көтөрүштү.  Ага бюджеттен жылына 740 миң сом бөлүнчү. Ошонун баарын эркин рынокко таратуу маселесин коюшту.  740 миңди облустагы мугалимдерге бөлүп көрсөк, 4 доллардан түштү. Ошондо институт толук жашоосун токтотот эле. Ал эми реалдуу ваучердин баасы 16 доллар турчу. Ортосун ким толтурат? Биринчи жылы «Сорос» фондусунун каржылоосу менен, экинчи жылы жарым-жартылай облустан бөлдүрдүк. Кийин бул ишке ашпай токтоду. Анткени облусту борбордон ажыратуу толугу менен токтоду. Экинчиден, мыйзам актыларында толугу менен рынокко өткөрүү боюнча мыйзамдар жок эле. Үчүнчүдөн, министрлик жактан колдоо болбой, донорлордун кезектеги долбоору катары эле болуп калды», — дейт ал.

Анын айтымында, ваучерди киргизүүнүн жакшы жагы дагы бар. Бул — рынок системасын киргизүү; кесиптик квалификация көрсөтүү кызматында провайдерлердин санын көбөйтүү; сапатка болгон атаандаштыкты жана мугалимдерге кесиптик квалификациясын жогорулатууда тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM