Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 9 айда чет элдик инвестициянын келүүсү 26,4%га өстү

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 315 | 0

Мамлекетке түз түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 503 млн доллардан ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4%га көбүрөөк болгон. Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өздүк капиталга чегерүүлөрдү кошпогондо, калган кирешелердин көлөмү 2,6 эсеге азайган.

Чет өлкөлүк инвестициялардын негизги бөлүгү (96%га жакыны) геологиялык чалгындоого (2,7%), тоо-кен өндүрүшүнө (1,3%), каржылык ортомчулук жана камсыздандырууга (20,6%), дүң жана чекене соодага (1,5%) салынган. Ал эми өндүрүш ишканаларына келген инвестиция 21,6%ды, маалымат жана байланышка келген инвестиция 6,6%ды түзүп, былтыркы жылдан төмөндөп кеткен.

Тышкы инвестициянын 27,6%ы Кытайдан, 16%ы Түркиядан, 10,5%ы Улуу Британиядан, 9,9%ы Нидерландыдан, 5,1%ы Германиядан тартылган.

Тыштан келген инвестициянын көлөмү Ош шаарында 5,6 эсе, Ош облусунда 3,3 эсе, Жалал-Абад облусунда 2,9 эсе, Талас облусунда 1,8 эсе, Бишкек шаарында 1,3 эсе өсүп, 37%га жакыны Жалал-Абаддагы, 33%дан ашууну Бишкек шаарындагы, 17%ы Чүйдөгү, 9%ы Таластагы ишканаларга келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM