Биз менен байланышыңыз

«Балдар онкологиясында орун көйгөйү жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2021 | 513 | 0

Учурда балдар онкологиясы бөлүмүндө орун жактан эч кандай көйгөй жок.  Бул тууралуу бөлүмдүн онкологу Султан Стамбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, балдардын онкология бөлүмү 22-ноябрдан тарта Улуттук онкология жана гематология борборунан кетип, Улуттук энеликти жана балдарды коргоо борборуна көчүп барды. Ал жакта Кувейттен келген демөөрчүлөрдүн күчү менен 4 кабаттуу жаңы имарат ачылган. Имаратта жаңы жабдуулар, күчтүү аппараттар бар.

«Эски имаратта 41 орун болуп, жетпей калчу. Азыр жаңы имарат ачылып, 70 койко-орун жана 10 реанимациялык орун бар», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM