Биз менен байланышыңыз

Онколог: Жыл сайын 100 миң баланын 10-12синен оору аныкталат

Жыл сайын Кыргызстанда ар бир 100 миң баланын 10-12синен онкологиялык оору жаңы аныкталат. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкологиясынын жетекчиси Султан Стамбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтү көп деп айтууга болбойт. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө көрсөткүч ар бир 100 миң балага 15-18ге чейин барат.

«Балдар онкологиясынын негизги себептери — генетикалык мутация. Генетикалык мутация — бул математикалык жактан эсептелине турган нерсе, бул өзгөрбөйт. Андыктан балдар онкологиясынын көрсөткүчү дүйнө жүзүндө бирдей болот экен. Бизде 100 миң балага 13-15 бала туура келиши керек. Бирок биз 3-5 баланы көрбөй калып жатабыз. Алар же Бишкекке жетпей калып жатат, же чет өлкөгө чыгып кетип жатат», — дейт онколог.

Дарыгер  балдар онкологиясын алгачкы стадияларында байкоого болорун, бирок оорунун алдын алуу мүмкүн эместигин билдирди.

«Чоңдордо өпкөнүн рак оорусу тамеки чеккенден пайда болот. Эгер тамеки тартпагыла десең, оору азаят. Ал эми балдарда эмнеден пайда болорун биле албайбыз. Бирок эрте диагностиканы жүргүзүүгө болот. Ал үчүн жергиликтүү адистерди аябай жакшы окутуу керек», — деди Стамбеков.

Онколог 10-15 жыл мурдагы абалга караганда, азыр балдар онкологиясында абал кыйла жакшы экенин билдирди. Айтымында, мурун такыр жардам берилчү эмес. Азыр дарылардын 80-90%ы бар. Бирок улам жаңы дарылар, жаңы изилдөө методдору, жаңы изилдөө анализдери чыгып жаткандыктан алардан артта калбаш үчүн мамлекеттен да, катардагы жарандардан да  ар дайым жардам керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM