Биз менен байланышыңыз

«Жашыл экономика адамдардын жашоосун жакшыртууну көздөйт»

Учурда мамлекет жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча алгачкы гана кадамдарды жасап жатат. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Ашыров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, жашыл экономика — бул экономиканын бир тармагы. Ал жаратылыш ресурстарын натыйжалуу колдонуунун аркасы менен адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу максатын көздөйт.  Мындай 7 тармак бар: жашыл экономика, органикалык жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, туруктуу туризм, таштандылар боюнча саясат, жашыл шаарлар жана төмөн көмүртектүү экологиялык транспорт. Мамлекеттин алдында ушул тармактарды өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүп берүү маселеси турат.

«Белгилеп кетсек, 2019-жылы 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилген. Бирок бул — биринчи эле кадамдар. Жашыл экономика негизинен узак мөөнөттүк стратегия, узак мөөнөттүк саясат болушу керек. Азыркы учурда биз жаңыдан эле кадамдарды баштап жатабыз. Мисалы, экологиялык транспорт — электромобилдер боюнча биз азыр кошумча нарк салыгын 0 %га түшүрдүк, Евробиримдиктин тармагында 31-декабрга чейин импорт кылса, бажы төлөмдөрү алынбайт, электр энергиясын колдонуу тарифин 1,59 тыйын кылдык. Мындай тариф менен азыр троллейбустар жүрөт», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM